Баратов, Рауф Баратович

Википедия дан

Баратов, Рауф Баратович (1921-ж.т., Канибадам ш., Тажикстан) – тажик геологу, петрограф, геология-минералогия ил. доктору (1966), Тажик ИАнын академиги (1968), профессор (1967). Орто Азия мамлекеттик ун-тин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ИАнын Геол. ин-тунда директор. Б. –Тажикистандагы магма тоотектеринин петрология ж-а металлогениясы б-ча көрүнүктүү адис. Негизги илимий эмгектери Түндүк Тажикистан, Памир ж-а Түштүк Өзбекстандын геологиясына, магматизм менен металлогениясына арналган. Алардын айрымдарында Кыргызстандын түштүк-батыш аймагынын геологиясына тийиштүү маселелер да козголот. Б. Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү ж-а андагы эндоген кендеринин таралуу закон ченемин аныктаган. Сейрек ж-а түстүү металлдар менен флюорит кендерин издөө б-ча көп сунуш киргизген. Б. Тажикстандын Ибн-Сина атн. мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан минерал – баратовит аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]