Барбизондуктар

Википедия дан

Барбизондуктар («барбизон мектебинин» сүрөтчүлөрү) – XIX к-дан 30–60-жылдарындагы француздук пейзаж живописинин реалисттик көркөм агымынын өкүлдөрү (Т. Руссо, Ж. Дюпре, Диаз, К. Тройон, Ш.-Ф. Добиньи ж. б.). Фонтенблонун жанындагы Барбизон кыштагында жана анын тегерегинде иштешкен. Айрым учурларда Б-га К. Корону да кошуп коюшат, бирок ал Б-дан өз чыгармаларынын лирикалуулугу жана элегиялуулугу менен олуттуу айырмаланган. Б. үчүн ошол эле аймакта жашап, иштеген Ж. Ф. Милле менен баарлашуу өзгөчө маанилүү роль ойногон. XVII кылымдагы голландиялык пейзажисттердин традицияларына таянган Б. улуттук француз пейзажынын жаңы тибин жаратышкан жана анда француз жаратылышын ачык-айкын, жөнөкөй, поэтикалык формада, күчөтүүсүз чагылдырышкан. Б. токойлорду, дарыяларды, мал оттогон шалбааларды, жупуну кыштактарды чындыкка жакын элестүү тартышкан жана материалисттик кабыл алууну сактоо менен алардын түстүк байлыгын, жарык менен аба чөйрөсүнүн айкалыштарын мыкты сактап кала алышкан. Б. өздөрүнүн реалисттик принциптерин официалдуу академизмге каршы коюшкан. Жөнөкөй жана күндөлүк нерседен сулуулукту көрө билүүгө, ачык-айкындыкка, жасалмасыздыкка умтулууга, сүрөтчүлөрдү натурадан (чыныгы турпаттан) тартуу­га чакырышкан. Жалпысынан алганда б-дын чыгармалары XIX кылымдагы Европа көркөм сүрөт өнө­рүндөгү реалисттик пейзаждын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарынан болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]