Баргужин-Токум

Википедия дан

Баргужин-Токум - байыркы жана орто кылымдар (6.3.4-18- кк) доорлорунда кыргыздар байырлаган тарыхый-этнографиялык аймак. Саян-Алтай (Тува, Минусин ойдуңу ж.б.) жана ага чек- теш жайгашкан аймактардын мусулман, монгол жазма булакта- рындагы аталышы. Фарс тарыхчысы Рашид ад-Дин «Жами ат- Таварихте» («Тарыхтар топтому»): «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, жерлер Кыргыз мамлекетинин курамына кирет. Кэм-Кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужин-Токум деген жерде кори, баргут, тумат, баясут уруулары жашашат...» - деп жазат. Автор баргулардан Иранда (монгол администрациясында, 13-к.) белгилүү мамлекеттик ишмерлер болгондугун жазат. Тарыхчы андан ары: «баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга дарыясынын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн баргуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужин-Токум деп аталат», - деп жазат. Баргулар түрк (кыргыз) тилинде сүйлөгөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын титулатурасы айгинелеп турат. Демек, 13- к. бүгүнкү кыргыздардагы эң ири уруулар катары эсептелген найман, дөөлөс (төөлөс), баргы, баят (тейит), туума тукум (найман) ж.б. «Кыргыз өлкөсү» жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Энесайдын чыгыш тарабындагы жайгашкан жерлер монголдордо 12-13-кк. «Баргу- жин-Тукум» деген ат менен белгилүү болгон. Рашид ад-Дин бер- ген маалыматтарга караганда, баргуттар (-т монгол тилдеринде көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө) Чыңгыз хан жана анын мураскорлоруна ак дилден кызмат өтөшкөн. Баргу, төөлөс, туматтар падышаларын «инал» деп аташары алардын тегинин кыргыз экендигин дагы бир ирет тастыктары ырас. Баргалжан (Баргужин) монгол тилдеринде «түнт токойлуу», «өздөштүрүлө элек тоолуу аймак», токум - монг. төхүм. «төркүн», «уруулаш- тар», «туугандар» дегенди аныктайт. Учурда Бурятияда Баргузин аттуу аймактык-административдик бирдик бар экендиги маалым. 18- к. карата Энесайдын жогорку (Тува) жана Төмөнкү (Хакас-Минусин ойдуңу) агымдарында жайгашкан кыргыздар саясий бытырандылыкты башынан өткөрүп жатышкан. Бирдиктүү, борборлошкон кагандыктын ордуна майда ээликтер пайда болгон. Ошондон улам, кыргыз жерлери монголдор тарабынан тез аранын ичинде жеңилип алынган эле.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]