Бардеңке

Википедия дан

Бардеңке, берданка - мылтыктын бир түрү. Адегенде америкалык полковник X. Бердан тарабынан иштелип чыгып, 19-кылымдын 60-жылдарында орус инженерлери А. П. Горлов жана К. И. Гуниус бир кыйла өркүндөтүшүп, АКШда ал «орус мылтыгы» деген ат менен белгилүү болгон. Бардеңке милтелүү мылтыкка караганда атууга ийкемдүү, бир атар мылтык. Орус армиясынын аскерлери 1868-91-ж. куралданган. Кийин кыргыз элине да кеңири тарап, аңчылыкка жана башкаларга колдонушкан. Учурда Бардеңкени музейден гана кездештиребиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4