Бардык жамандыкка барып

Википедия дан
Бардык жамандыкка барып.

Бардык жамандыкка барып (англ. Breaking Bad) – Винс Гиллиган чыгарып, продюсерлеген америкалык жаңы вестерн, кылмыш драмасынын телесериалы. Шоу алгач АМС тармагында беш сезон бою 2008-жылдын 20-январынан баштап, 2013-жылдын 29-сентябрына чейин обого чыккан. Анда Уолтер Уайттын (Брайан Крэнстон), операцияга жарабай турган өпкө рагынынын диагнозу менен күрөшүп жаткан орто мектептин химия мугалиминин окуясы баяндалат. Уайт өзүнүн мурунку окуучусу Жесси Пинкмен (Аарон Пол) менен бирге кристалдашкан метамфетаминди жасап сатып, кылмыштуу жашоого өтүп, криминалдык жашоонун кооптуу дүйнөсүнө аралашат, анткени өлөрүнө чейин үй-бүлөсүнүн финансылык келечегин камсыздап койгусу келет. Аталышы "Бардык жамандыкка барып" деген түштүк оозеки учкул кебинен келип чыккан, ал "тозоктон көтөрүлүү" же кылмышка барууну билгизет. Тасма Альбукеркеде, Нү-Мексико штатында орнотулуп, тартылган болучу.

"Бардык жамандыкка барып" бардык мезгилдин эң чоң телесериалы катары эсептелет. Финалдык сериялары чыгып калган учурда, телесериал америкалык телевидениянын эң популярдуу телешоусуна айланган. Шоу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде он алты Эмми сыйлыгы, сегиз Спутник сыйлыгы, эки "Алтын Глобус" сыйлыгы, эки Пибоди сыйлыгы, эки "Сынчылардын тандоосунун сыйлыгы" жана төрт "Телеберүүлүк сынчылардын Ассоциациясынын" сыйлыгы бар. Өзүнүн негизи ролу үчүн Крэнстон "драма" багытындагы Эмми премиясын төрт жолу, ал эми Аарон Пол экинчи пландагы көрүнүктүү актер катары Эмми премиясын үч жолу, Анна Ганн экинчи пландагы көрүнүктүү актриса катары эки жолу Эмми премиясын утуп алышкан. 2013-жылы "Бардык жамандыкка барып" сериалы Гиннестин дүйнөлүк рекоррдор китебине бардык мезгилдин эң көп сын таанымал шоусу катары кирген болучу.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]