Баржа

Википедия дан

Баржа - (фр. barge) корпусунун кыры жөнөкөй жасалган, таманы жалпак, өзү жүрбөй, сүйрөгүч же түрткүч менен кыймылга келүүчү жүк ташуучу кеме. Суюк жана кургак жүк ташуучу баржа. болуп айырмаланат. Кургак жүк ташуучу баржанын 3 түрү (трюмдуу, аянтча баржа жана атайын) бар. Трюмдуу баржада кум, таш көмүр ж. б. ташылат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 400 т дан ашык. Трюмдуу баржанын үстү толук жабык болот. Жүк люк аркылуу жүктөлөт. Аянтча баржанын палубасында негизинен идишке (тарага) салынган жүк ташылат. Атайын баржага автомобиль жана трактор жүктөлөт, ошондой эле дан ташуучу, жүктү өзү түшүрүүчү баржа болот. Кургак жүк ташуучу баржа 100-500 т га чейинки жүк ташууга жөндөмдүү. Суюк жүк ташуучу баржанын жүк көтөрүмдүүлүгү 1200 т га жетип, негизинен нефть продуктулары (бензин, май ж. б.) ташылат. Негизинен ички сууларда жүк ташуу үчүн пайдаланылат. Кыргызстанда Ысык-Көлдө да баржа менен жүк ташылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4