Барий сульфаты

Википедия дан

Барий сульфаты, ВаSO4 - күкүрт к-тасынын барий тузу, түссүз крисстал, сууда жана суюлтулган к-тада эрибейт. Конц. күкүрт к-тасында, негизде, хлордуу сууда, суутек бромиди негиздик металлдар гидрокарбонаттары эритмесинде эрийт. Рентген нурларын жакшы сиңирет. Жаратылышта барит минералы түрүндө кездешет. Барий эрүүчү туздарына натрий сульфатын таасир этүүдөн, ошондой эле сульфонилаттарды ысытуудан алынат. Ал барийди жана анын бирикмелирин алуудагы негизги сырье. Синтездик Б.с. – кагаз иштетүүдө, ак минералдык боек алууда, рентгендик изилдөөдө колдонулат. Б.с. BaSO4 кадимки шарттарда түссүз кристаллогидрат ВаSO4 · 4Н2О түрүндө кездешет. Сууда жакшы эрийт. Эритмелеринен ВаSO4·4Н2О жеңил кристаллдашат. 400оС кристаллдашкан суусун жоготуп, 500-600оС ВаО жана SO3 ажырайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]