Барион заряды
Көрүнүш
Барион заряды (барион саны, В) – элементардык бөлүкчөлөрдүн ички мүнөздөмөлөрүнүн бири. Бариондор үчүн барион заряды бирге, антибариондор үчүн минус бирге барабар. Бөлүкчөлөр системасынын барион заряды барион м-н антибарион сандарынын ортосундагы айырмага барабар. Атом ядросунун барион заряды анын массалык санына барабар.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.