Барит

Википедия дан
Барит.

Барит, оор шпат сульфаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы BaS04. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак, боз, көгүлтүр, кызгылт, ачык кызыл, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3-3,5. С. салмагы 4,5. Гидротермдик кендерде кварц, флюорит ж. б. менен бирге өз алдынча тарамдар, ал эми чөкмө тоотектерде цемент, конкрециялар түрүндө кездешет. Кагаз, резина, булгаары, оптика, кант өнөр жайында жана жогорку сорттуу ак боёк даярдоодо, медицинада колдонулуучу барий туздарын алууда, ошондой эле бургулоо иштеринде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4