Бариттүү, үңкүр
Көрүнүш
Бариттүү үңкүрү – Ноокат районундагы Төө-Моюн тоосунун түштүк капталында жайгашкан үңкүр.
Үңкүр 1940-ж. академик Д. И. Щербаков тарабынан табылган. Карбондун акиташ тектүү катарларында пайда болгон.
Эки оозу (жасалма жана табигый) бар: атайы казылган оозу 2ч2 м жана табигый оозу 1,8ч2 м, тереңдиги 18 м.
Үңкүрдү каптаган кальцит менен бариттин кристаллдары өзгөчө кызыгууну туудурат. 1940-жылдары академик А. Е. Ферсман изилдеп, анын дүйнөдө кайталангыс жерлери бар экендигин белгилеп кеткен. Азыр анын көп бөлүгү урап бузулган.
Суктанаарлык жерлери («белгилүү кристаллдары») сейрек кездешет. «Жапайы» изилдөөчүлөр кооздуктарды жоготууга чоң аракеттерди жасаган.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|