Барометр

Википедия дан
Барометр (1883).

Барометр - (гр. baros оордук, салмак, metreo өлчөйм) атмосфералык басымды өлчөөчү курал. Иштөө принциби боюнча суюктуктуу барометр, деформациялык барометр, гипсотермометрлер болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө атмосфералык басымды катыш идиштердеги суюктук мамычасынын салмагы менен теңештирүү принцибине негизделген сымап барометрлери пайдаланылат. Ал 2 туташ ичке айнек түтүкчөдөн турган катыш идиш. Түгүктүн биринин узундугу 90 см ге жакын, жогору жагы туюк. Экинчиси кыска, учу ачык, бир аз кеңейип кетет. Түгүктүн туюк жагынан абасыз бөлүк (вакуум) калтырылып, идишке сымап куюлат. Түтүктүн ачык жагындагы сымаптын бетине болгон атмосфера басымдын таасиринен жана анын өзгөрүшүнөн туюк түтүктөгү сымап мамычасы көтөрүлүп же төмөн түшүп турат. Атмосфера басымдын өлчөмү түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги боюнча аныкталып, мм сым. мам. же мбар менен туюнтулат. Катыш идиштердин формаларына карай сымап барометрлери чөйчөкчөлүү, сифондуу жана сифон-чөйчөкчөлүү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4