Барскан (машина)

Википедия дан

Барскан (машина) - техникада согуучу бөлүгү менен металл сомдомону формага келтирүүчү урма машина. Ал ийлөөчү, калың жана жука такталар үчүн мөөрлөөчү болуп айырмаланат. Кыймылга келтиргичтери боюнча: буу-аба барскан буу же кысылган абанын жардамы менен; жел барскан жумушчу жана көөрүктүк (компрессордук) бышкектер (поршендер) ортосундагы боштуктун жана кысылган абанын жардамы менен кыймылдоочу; механикалык кыймылдуу бөлүктөрү кыймылдаткыч менен механикалык байланышкан; гидравликалык кыймылдуу бөлүктөрү жогорку басымдагы суюктук аркылуу кыймылга келүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Иштөө ыкмасы боюнча жөнөкөй жана кош аракеттүү болуп айырмаланат. кинематикалык байланыштагы 2 токмогу (баба) бар дөшүсүз барскан да болот, алар бири бирин көздөй бирдей ылдамдыкта кыймылга келгендиктен, урунушуудан пайда болгон энергия пайдубалга берилбейт. Кийинки мезгилде жогорку ылдамдыктагы барскан (токмогунун ылдамдыгы 3-6 м/сек дан 25 м/сек га жетет) кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4