Барскон кум-шагыл кени

Википедия дан

Барскон кум-шагыл кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Барскоон кыштагынан 2 км түндүк-батышта, деңиз деңгээли 1694–1709 м бийиктикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен аймагы, түштүк-чыгыштан түндүк-батышка созулуп жаткан, Барскон суусунун өзөнү менен өрөөнүн толтурган, койташ-кум-шагыл кошундусунан түзүлгөн. Гранулометриялык орточо курамы: 500–70 мм – 24%, 70–5 мм – 45%, 5 ммден майдасы – 31%. Кум-шагыл асфальт-бетондун кошундусу, «300» маркадагы бетонду даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 296 миң м3, В–406 миң м3, С1–609 миң м3, А+В+С1–1311 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]