Барын кыштагы

Википедия дан

Барын кыштагы - Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Чачма сай айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 2 км чыгыш тарапта, Ош темиржол бекетинен 40 км. Деңиз деңгээлинен 1320 м бийиктикте. Калкы 3724 (2002); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар. Топоним кыргыздын Барын уруусунун атынан пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4