Бар-Булак минералдуу суусу -

Википедия дан

Бар-Булак минералдуу суусу - дарылык касиети бар, жер астынан бургулап чыгарылган жылуу суу. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 45 км чыгыш, Кара-Коо кыштагынан 5 км түндүк-батыш тарапта, Ысык-Көл жээгинен 600 м аралыкта, деңиз деңгээлинен 1653,53 м бийиктикте. Суу 1979-ж. бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереңдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоң кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палезойдун кумдук, алевролит тоотектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук жана алевролит тоотектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, температурасы 44°С, чыгымы 2,5 л/с, минералдануусу 4,0–4,7 г/л. Химиялык курамы боюнча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88-90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Б. м. с. дарылык касиети боюнча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт жана ашказан ооруларын ичүү; нерв, муун, гинекология, тери жана тиш ооруларын сууга түшүү жолу менен дарыласа болот. Запасы В категориясы боюнча суткасына 0,216 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]