Баскаков Николай
Баскаков Николай Александрович (1905-1995), белгилүү лингвист-түрколог, фольклорчу, этнограф, филология илимдеринин доктору (1950), профессор (1959), урал-алтай тилдери боюнча дүйнөлүк аты бар окумуштуу, түрк тилдеринин генеологиялык ажырымы боюнча адис. Н.А.Баскаков 640 эмгектин автору, анын ичинен 32 монографиясы бар. Түрк тилдери жана алардын тарыхый өнүгүшү боюнча бир катар фундаменталдуу көз караштарды айткан. Түрк тилдери, анын ичинен каракалпак, ногой, алтайлыктардын, хакас, казак, кыргыз ж.б. тилдеринин лексикасы, лексикографиясы, грамматикасы, тилдердин тарыхы жана алардын ажырымы боюнча көп эмгектерди жазган, каракалпак, ногой тилдеринин сөздүктөрүн түзгөн илимпоз. Түрк тилдүү элдердин (каракалпактар, татар, казак, түркмөн ж.б.) “эмгек сиңирген илим кызматкери” наамына ээ болгон. Эл аралык бир катар илимий мекемелердин мүчөсү катары таанылган.
Н.А.Баскаков 1905-ж. Вологод губерниясында туулган. Атасынын кызматына байланыштуу Грязовец шаарына көчүп келишип, 1915-ж. тартып Вологоддогу эркектер классикалык гимназиясынан окуйт. Чыгыш тилдерине, тарыхына жана маданиятына кызыгуусуна болочок окумуштууга Осмон империясында консул болуп иштеген атасынын досунун таасири тийген. Жергиликтүү музыкалык мектептен билим алып, аны өмүрүнүн аягына чейин калтырган эмес экен. 1922-ж. мектепти аяктап, Грязовец шаарындагы педагогикалык техникумга тапшырат. Ленинград университетинин Чыгыш тилдер факультетине, Тирүү тилдер институтуна бир нече ирет тапшырып өтө албайт. 1929-ж. Л.Ломоносов атындагы МГУнун тарых-этнология факультетине келип кирген. Биринчи курстан Каракалпакстанга практикага жиберилет. Кийинки жылы Казакстан, Кыргызстан жана Хорезм облусунда болот. 1930-1931 жж. Каракалпакстанга уюштурулган илимий экспедицияларга катышкан. 1934-ж. тартып Казакстан, Кыргызстан жана Ойрот Автономиялуу республикасында (Тоолуу Алтай) жергиликтүү калкты эне тилинде окутуу жана анын методикасы боюнча лингвистикалык комиссияда эммгектенген эле. Университеттен соң, Н.А.Баскаков Орто Азия, Кавказ, Дагестан, Сибирь аймактарында илимий жүрүштөрдө көп ирет болгон жана түрк элдеринин этнографиясы, тарыхы, тилдери боюнча өтө бай илимий маалыматтарды топтогон. Ошол эле учурда жыйналган маалыматтардын негизинде бир катар монографияларды жарыялаган. Каракалпак, ногой, алтай, хакас ж.б. тилдердин теориясы жаена тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. Жергиликтүү элдердин алфавитин түзүүгө жигердүү катышкан. Н.А.Баскаковдун “Введение в изучение тюркских языков” (1969) аттуу монографиясында Х к. түрк элдери төрт тилде сүйлөшкөн, алар кыргыз, огуз, кыпчак, уйгур тилдери деген тыянакты жазгандыгы белгилүү. Өзгөчө аз сандуу элдер болгон ногойлор, каракалпактар, алтайлыктар, хакастардын тилдеринин алфавитин түзүү, грамматикасы, орфографиясын калыптандырууга өзгөчө зор салым кошкон. Н.А.Баскаков өмүр бою Тил институнда илимий кызматкер болуп эмгектенген.
Монографиялык эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Уйгурско-русский словарь: Содержит около 12000 слов. С прил. араб. ключа и грамматики уйгур. яз / Сост. Н. А. Баскаков, В. М. Насилов. — М.: Гос. изд. иностр. и нац. словарей, 1939. — 384 с. —3000 экз.
- Баскаков Н. А. Ногайский язык и его диалекты: Грамматика, тексты и словарь / Отв. ред. проф. Н. К. Дмитриев; Институт языка и письменности АН СССР. — М.; Л.: Издательство Академии наук СССР, 1940. — 272 с. — 1000 экз.
- Русско-уйгурский словарь / Сост. Н. А. Баскаков, Т. Р. Рахимов; Московский институт востоковедения. — М.: [б. и.], 1940. 572 с. (Стеклогр. изд.)
- Ойротско-русский словарь / Сост. Н. А. Баскаков, Т. М. Тощакова. — М.: Гос. изд. иностр. и нац. словарей, 1947. — 312 с.
- Баскаков Н. А. Современное состояние терминологии в языках народов СССР / Институт языкознания АН СССР. — М.: Тип. Изд. Вост. лит., 1959. — 28 с. — 500 экз.
- Баскаков Н. А. Тюркские языки / Отв. ред. Г. Д. Санжеев; Институт языкознания АН СССР. — М.: Издательство восточной литературы, 1960. — 248 с. — 2200 экз.
- Баскаков Н. А. К истории изучения туркменского языка / Акад. наук Туркм. ССР. Ин-т языка и литературы им. Махтумкули. — Ашхабад: Туркменистан, 1965. — 36 с. — 1500 экз.
- Баскаков Н. А. Северные диалекты алтайского (ойротского) языка: Диалект черневых татар (туба-кижи): Грамматический очерк и словарь / Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука (Главная редакция восточной литературы), 1966. — 176 с. — 1200 экз.
- Баскаков Н. А. Введение в изучение тюркских языков. — Изд. 2-е, испр. и доп. — М.: Высшая школа, 1969. — 384 с. — 3000 экз.
- Баскаков Н. А., Зайончковский А., Шапшал С. М. Караимско-русско-польский словарь. — М., 1974. — 688 с.
- Тюркизмы в восточно-славянских языках / Отв. ред. Н. А. Баскаков; Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1974. — 304 с.
- Баскаков Н. А. Историко-типологическая характеристика структуры тюркских языков: Словосочетание и предложение / Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1975. — 288 с. — 2250 экз.
- Баскаков Н. А. Язык прииссыккульских уйгуров / Отв. ред. член-корр. АН КазССР Г. С. Садвакасов; Академия наук Казахской ССР, Отдел уйгуроведения при институте языкознания. — Алма-Ата: Наука, 1978. — 49 с. — 800 экз.
- Баскаков Н. А. Историко-типологическая морфология тюркских языков: (Структура слова и механизм агглютинации) / Отв. ред. акад. А. Н. Кононов; Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1979. — 276 с. — 1450 экз.
- Баскаков Н. А. Русские фамилии тюркского происхождения. — М.: Наука, 1979. — 280 с. — 10 000 экз.
- Баскаков Н. А. Алтайская семья языков и её изучение / Отв. ред. Е. А. Поцелуевский; Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1981. — 136 с. — 2200 экз.
- Баскаков Н. А. Народный театр Хорезма / Отв. ред. акад. АН УзССР М. К. Нурмухамедов; Рецензенты: д-р ист. наук Т. А. Жданко, чл.-корр. АН УзССР М. Рахманов; Академия наук Узбекской ССР. Отд-ние истории, языкознания и литературоведения АН УзССР. — Ташкент: Фан, 1984. — 128 с. — 1170 экз.
- Баскаков Н. А. Северные диалекты алтайского (ойротского) языка: Диалект лебединских татар-чалканцев (куу-кижи): Грамматический очерк, тексты, переводы, словарь / Отв. ред. К. М. Мусаев; Институт языкознания АН СССР. — М., 1985. — 236 с. — 1450 экз.
- Баскаков Н. А. Тюркская лексика в «Слове о полку Игореве» / Отв. ред. акад. А. Н. Кононов; Рецензенты: С. Н. Иванов, Э. Р. Тенишев; Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1985. — 208 с. —3350 экз.
- Баскаков Н. А., Баскаков А. Н. Современные кыпчакские языки / Отв. ред. Д. С. Насыров. — Нукус: Каракалпакстан, 1987. — 104 с.
- Баскаков Н. А. Историко-типологическая фонология тюркских языков / Отв. ред. член-корр. АН СССР Э. Р. Тенишев; Рецензенты: д-р филол. наук К. М. Мусаев, канд. филол. наук В. А. Виноградов; Институт языкознания АН СССР. — М.: Наука, 1988. — 208 с. — 2000 экз. — ISBN 5-02-010887-1.
- Баскаков Н. А. Очерки истории функционального развития тюркских языков и их классификация / Отв. ред. чл.-корр. АН ТССР Б. Чарыяров; Академия наук Туркменской ССР, Институт языка и литературы им. Махтумкули. — Ашхабад: Ылым, 1988. — 140 с. — 1000 экз. — ISBN 5-8338-0060-9.
- Кайрадан басылып чыккан эмгектери:
- Баскаков Н. А. Русские фамилии тюркского происхождения / Отв. ред. Э. Р. Тенишев. — Бакы: Jазычы, 1992. — 280 с. — 50 000 экз. — ISBN 5-560-01229-7.
- Баскаков Н. А. Русские фамилии тюркского происхождения. — М.: Мишель, 1993. — 280 с. — 20 000 экз. — ISBN 5-02-017757-1.
- Ойротско-русский словарь / Сост.: Н. А. Баскаков, Т. М. Тощакова. — Горно-Алтайск: Изд-во Ак Чечек, 2005.