Баскычсыз бергич

Википедия дан

Баскычсыз бергич, вариатор транспорт машинасында, станокто, прибордо жетеленме валдын айлануу жыштыгын бир калыпта өзгөртүүчү механизм. Анын механикасы (анын ичинде фрикциялык), электрдик жана гидравликалык түрлөрү бар. Ылдамдыкты баскычсыз жөндөө баскычтуу жөндөөгө салыштырмалуу машинанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат, автоматташтырууну жеңилдетет жана жүрүп баратып башкаруу мүмкүндүгүн берет. «Баскычсыз бергич» деп атоо адатта ийилчээк жана катуу чынжырлуу механика бергичке карата колдонулат. Берүү чынжырынын түрүнө жараша механика баскычсыз бергичтер суюктукка негизделген чынжырлуу (гидравликалык), ийилчээк (тасмалуу) жана катуу чынжырлуу болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4