Бастырма

Википедия дан

Бастырма мал кармоочу, жем-чөп, айыл чарба шаймандарын, эгин ж. б. буюм сактоочу, адамдар көлөкөлөп эсалуучу үстү жабык жай. Анын эки түрү бар: 1) убактылуу бастырма көбүнчө жайытта мал көлөкөлөтүү же талаада эмгектенгендер эсалуу үчүн курулат. 2) Айыл чарба шаймандары, эгин, жем-чөп ж. б. сакталуучу бастырма бекемделип үч тарабы тосулуп, үстү жабылат, бир тарабы ачык же дарбаза орнотулат. Таманына бетон, асфальт же шагыл төшөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4