Бастыруу

Википедия дан

Бастыруу, жаюу, вальцовкалоо - 1) сомдолгон металлды, резина аралашмаларын, пластмассаларды согуучу вальцтын жардамы менен ийге келтирүү. Бастыруу иштетүүчү материалды ар кандай ылдамдыкта айланып жаткан валдын, катуу, жылма жана тегиз цинк же болот барактарынын ортосунан өткөрүп ийге келтирүү менен ишке ашырылат. Бастыруу материалды ысытуу жолу менен же муздак абалында да атайын темир иштетүүчү-штамптоочу машинада жүргүзүлөт. Бастыруунун өндүрүмдүүлүгү, ошондой эле сомдолгон материалды штамптоого караганда бир кыйла жогору болот. Бастыруу башка өндүрүштүк процесстерде, мисалы, кагаз, картон, кездеме, резина буюмдарын тыгыздоо жана фотосүрөттөрдү жылмалоодо да колдонулат. 2) Бир нече роликтер менен жабдылган, түтүктөрдү түзөтүүчү аспап.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4