Басуу машинасы

Википедия дан

Басуу машинасыкитеп, гезит-журнал ж.б. басма продукциясын басып чыгарууга арналган өндүрүш каражаты. Басуу формасына түшүрүлгөн тамгаларды, сүрөттү кагаз же башка материалдардын бетине түшүрүп, окшош көп нускаларды чыгарат (к. Басуу). Алгачкы жөнөкөй кол басуу машинасы 1812-14-ж. Англияда Ф. Кениг жана А. Байэр тарабынан жасалган. Азыркы техниканын өнүгүшүнө байланыштуу басуу машинанын көптөгөн түрлөрү бар.Басуу машинанын негизги бөлүктөрү: боёкту басуу формасынан кагаз бетине түшүрүүчү басуу аппараты; боёкту формага сүртүүчү боёк аппараты; басуу аппаратына кагазды берип, басылгандан кийин аны машинадан чыгарып, кагазды жылдыруу системасы; машинаны жүргүзүп, аны башкарып туруучу система; басылган продукцияны кабыл алуучу жана аны андан ары жасалгалоочу кошумча түзүлүштөр. Басуу аппаратынын түзүлүшүнө карай ротациялык, тегиздиктен басма, тигелдик басуу машинасы болуп айырмаланат. Ротациялык басуу машинасында басуу формасы жана ага тийишкен кагаздын бети үзгүлтүксүз айлануучу цилиндрлерде жатып, алардын ортосунан кысылган басылуучу кагаз өтөт. Мындай машина менен басуунун оюнку жана чыгыңкы түрү аткарылып, негизинен көп тираждуу басылмаларды басып чыгарууда кеңири колдонулат. Тегиздиктен басуу машинасында термелме жайпак үстөлгө талерге, ал эми кагаз айланма цилиндрге бекитилет. Форманын басылуучу жана ажыратуу элементтери бир тегиздикте жатат. Атайын химиялык иштетүүнүн натыйжасында форманын элементтерине боёк сүйкөлөт, ал эми ажыратуу элементтери аны офсеттик тегиздиктен басуу машинасы « Speеdmaster» кабыл албайт. Бул машинада басылма чыгыңкы басуу ыкмасы менен гана басылат. Ылдамдыгы анча эмес, бирок тиражы аз басылмаларды сапаттуу чыгарат. Тигелдик басуу машинасында бир тактасына (талерге) басуу формасы бекитилип, экинчи тактасы формага барак кагазды кысат. Ал чыгыңкы ыкма менен басууга арналган. Негизинен бланк, мукаба, иллюстрацияларды басууга пайдаланылат. Басуу жабдууларынын өнүгүшү менен басма машинасынын көптөгөн түрлөрү чыгарылууда. Алар негизинен машинанын өндүрүмдүүлүгүн (продукцияны тез даярдоо, тиражын көбөйтүү) күчөтүүгө, басуунун көп боёктуулугун арттырууга, басылманын форматын кичирейтүүгө ж. б-га багытталган. Азыркы учурда негизинен автоматташтырылган офсеттик басуу машинасы көбүрөөк колдонулууда. Цифралык басуу машинасы «Xerox iGen». Ал керектелүүчү кагаздын түрүнө жана аны машинага берүү ыкмасына жараша барактык ж-а рулондук Б. м. болуп бөлүнөт. Барактык машинада басуу алдынала барактарга кесилген кагазга жүргүзүлөт. Барактардын форматы А1, А2, А3, А4 (кээде алардан да кичине) өлчөмдөн 80x120 смге чейин болот. Рулондук (ротациялык) машина кагаздын түрмөгүнөн (рулондон) эле басат. Түрмөктөгү кагаздын эни 60,70,75,84,108 ж-а 120 см болот. Мындай машинанын ылдамдыгы барактыкка караганда жогору жана кагаздын эки бети тең басылып, ал формат боюнча кесилип, бүктөлүп чыгат, ошондуктан ал көп тираждуу басылмаларды басууга пайдаланылат. Азыркы басуу машинанын көпчүлүгү технологиялык процесстерди компьютердик башкаруучу жана иш-аракетти автоматтык түрдө аткаруучу курал-жабдыктар менен толукталып, өркүндөтүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4