Басып жүргөн өлүктөр

Википедия дан

"Басып жүргөн өлүктөр" (англ. The Walking Dead) – америкалык апокалипсис кыйроосунан кийинки дүйнө жөнүндө үрөй учуруп коркуткан телесериал, аны Фрэнк Дарабонт АМС тармагы үчүн иштеп чыккан, ал ушул эле аталыштагы Роберт Кикман, Тони Мур жана Чарли Аклард жазган китептин комикстер сериалына негизделген болучу. Эндрю Линкольн шоунун башкы ролун, шерифтин орун басары Рик Граймсты аткарат, ал комадан ойгонгондо, зомбилер (аларды "Жөөчүлдөр" дешет) дүйнөнү басып алганын көрөт. Граймс үй-бүлөсү менен биригип, калган тирүү калгандарды чогултуп, топ түзөт да анын башчысы болуп калат. Алар чогуу бүт аракети менен жөөчүлдөр жана алардан да коркунучтуу болуп калган башка тирүү калгандардын атаандаш топтору толгон апокалипсистен калган дүйнөдө аман калып, ыңгайлашканга аракет кылышат. Сериалдын көп бөлүгү Вирджиния штатынын Атланта, Жоржия жана Александрия штаттарында өтөт.

The Walking Dead сериалынын бет ачаары Кошмо Штаттарда 2010-жылдын 31-октябрында болду жана бир гана АМС кабелдик телеберүүсүнүн каналында жана Фокс (Fox) эл аралык каналында көрсөтүлүп жатат. Nielsen рейтингинин абдан жакшы, жогору көрсөткүчүнүн натыйжасында АМС сериалды жыл сайын жаңыртып келет. Үчүнчү сезондон баштап The Walking Dead бардык телеканалдын же телесериалдын 18 жаштан 49 жашка чейинки көрөрмандарынын көпчүлүгүн өзүнө тартууда. Анын сегизинчи сезону 2017-жылдын 22-октябрында башталат. Сериал сынчылар тарабынан жакшы кабылданып, бир нече сыйлыктарга көрсөтүлгөн, анын ичинде Американын жазуучуларынын Гильдиясынын жаңы сериал үчүн сыйлыгы жана "Алтын Глобустун" мыкты телесериал-драма сыйлыгы бар. АМС каналынын кошумча "Басып жүргөн өлүктөрдөн коркуу" (Fear the Walking Dead) сериалы 2015-жылдын 23-августунда башталган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]