Баталдык жанр

Википедия дан

Баталдык жанр (французча  bataile – согуш, уруш) – аскердик тематикага арналган, негизинен согуш талаасын жана башка согуш эпизоддорун сүрөттөгөн (көбүнчө живописте) көркөм сүрөт искусствосунун бир тармагы. Б. ж-ды тарыхый жанрдын өзгөчө бир бөлүгү катары да караса болот. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө Б. ж. аскердик кайратмандыкты даңктоону өз милдети кылып алган. Байыркы Римдин жана Байыркы Чыгыштагы (айрыкча Ассирияда) көркөм сүрөт искусствосунда аллегориялык жана символдук мүнөздөгү согуштук чыгармалар кеңири таркаган жана алар сөзсүз баатыр кол башчы – жеңүүчүнүн образы менен байланыштуу болгон. Орто кылымдагы көркөм сүрөт искусствосунда согуштук сценалар китептеги миниатюрада берилген жана негизинен орто к-дык хроникаларда иллюстрация катары кездешет. Кайра жаралуу доорунун сүрөтчүлөрүн Б. ж-да биринчи кезекте анын драмалык жагын, айыгышкан кармаштын курчушун, салгылашуу эмоциясын сүрөттөп берүү кызыктырган. (мис., классикалык үлгү катары Л. да Винчинин «Ангьяридеги салгылашуусу» эсептелет. Ошол эле учурда татаал ракурстарды окуп үйрөнүүгө, алардын мейкиндикте жана композициялык чечилишине өзгөчө көңүл бурулуп, согуштун тарыхый-реалдуу кырдаалына азыраак көңүл бурушкан. 17-к-дын ортосунан баштап чыныгы драматизмден толук ажыратылган согуш эпизоддорун ар кандай чагылдырган документалдуу-хроникалык Б. ж. (мис., Голландиядагы Ф. Воувермандын сүрөттөрү) өнүгө баштайт. Наполеон согуштарынын доорун чагылдырган Б. ж. француз живописинде кеңири өнүгө баштаган (мис., Раффе, Гро, Шарле). Э. Делакруа менен В. Суриковдун эмгектеринде Б. ж. жаңы гуманисттик мазмунда өнүгө баштайт. XIX кылымдын башынан баштап Б. ж-да «кут учурган согуш кыйынчылыктары» темасы көбүрөөк орун ала баштаган. Мындай чыгармаларга Ф. Гойя­нын жана орус баталисти В. Верещагиндин эмгектери кирет. Советтик Б. ж. марксизм-ленинизмдин адилет жана адилет эмес согуштар тууралуу окуусуна таянып, совет элинин граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштарынын патриоттук мазмунун ачып көрсөтөт. Советтик Б. ж-дын калыптанышына граждандык согуш эпопеясы тууралуу согуштук сүрөттөрдүн сериясын тарткан М. Б. Грековдун ролу абдан чоң. Анын традициялары Советтик Армиянын Башкы Саясый башкармасынын астындагы Греков атындагы аскер сүрөтчүлө­рүнүн студиясында улантылган.

Баухауз” – Германиядагы арх-ралык курулуш, көркөм чыг-лык жогорку окуу жайы жана анын бирикмеси. 1919-ж. арх-ралык чыг-лыктын педагогу жана теоретиги В. Гропиус тарабынан архитекторлорду, сүрөтчү-конструкторлорду жаңы метод менен тарбиялоо максатында уюштурулган. “Б.” 1933-жылга чейин иштеп, фашисттер бийликке келгенде жоюлган. “Б-да” белгилүү функционалист архитекторлор В. Гропиус, Х. Мейер, Л. Мис ван дер Роэлер шакирттери менен эксперимент жасашып, аларга өз искусствосун үйрөтүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]