Батиаль чөкмөлөрү

Википедия дан

Батиаль чөкмөлөрү - океан жана деңиз түбүндө 200 м ден 2500 м тереңдикке чейин пайда болуучу жашыл, кызыл, көгүш түстүү ылайлар. Арасында кээде кум менен шагыл болот. Негизинен терриген (кургактыкта пайда болгон) материалдарынан турат. Батиаль чөкмөлөру байыркы тоо тек катмарларында жокко эсе, көбүнчө палеоген менен неоген чөкмөлөрүнүн арасында жана азыркы мезгилдеги океан менен деңиздердин түбүндө кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4