Батискаф

Википедия дан

Батискаф - (гр. bathes терең жана skаphos кеме) океандын, деңиздин тереңдигин изилдөөчү өзү жүрмө түзүлмө. Ал жеңил (калкыма) тулкудан жана 1-3 кишилик болот шар түрүндөгү ички гондоладан турат. Электр кыймылдаткыч кыймылга келтирген калактуу буралгынын (винттин) жардамы менен жылат. Экипаж, башкаруу аппаратурасы, байланыш радио станциясы, телефон, телекөрсөтүү камерасы жана илимий приборлор гондолага, электр кыймылдаткычы, аккумулятор, жарык кылгыч, теңдеш жүктөр (балласттар) тулкуга жайгаштырылат. Биринчи батискафты швейцариялык окумуштуу О. Пиккар 1948-ж. куруп, сыноодон өткөргөн. 1960-ж. Анын уулу Ж. Пиккар жана Д. Уолш «Триест» батискафы менен Тынч океандагы Мариана кобулунун түбүнө (11 миң м тереңдикке) жеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4