Батисфера

Википедия дан

Батисфера (гр. bathys -терең жана sphaira - шар) - суу астында байкоо жүргүзүү үчүн ылайыкталган шар түрүндөгү камера.

Ал телефон, өлчөө аспаптары, бир нече иллюминатор жана аба тазалоо системасы менен жабдылат. Көбүнчө болоттон жасалат да, кемеден зым аркан менен түшүрүлөт. Батисфераны 1-жолу 1892-ж. италиялык илимпоз Зальзамелло 165 м тереңдикке түшүргөн. Гидростаттардын чыгарылышына байланыштуу 20-кылымдын 50-жылдарынан тартып Батисфера сейрек колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.