Баткен облусунун аймагындагы кыргыз уруктары
Баткен - байыркы кыргыз уруулары байырлаган аймак. Баткен облусунун аймагындагы кыргыздар этникалык курамы боюнча ичкилик уруулук бирикмесине кирген уруулардан турат. Ичкиликтер - кыргыздын эң ири үч уруулук бирикмелеринин биринин аталышы. Тарыхый, даректүү жазма булактарда, (генеалогиялык) санжыра маалыматтарында «булгачылар» деген ат менен да белгилүү. Кыргыздын өз алдынча уруулук тобу катары 16-кылымда Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварихинде»: «...Ушундан соң, алар (Мир Жалил маулана) салт атчан жолго чыгышты, арадан бир топ убакыт өтүп, Салус-бек Булгачынын жерине келишти. Алты уулу менен конокту сый-урматка бөлөгөн Булгачы ыйык Мир Жалил Маулана Агзамдан балдарына бата берүүнү суранды, жооп иретинде алкоо алышты. Алар алты уруу болуп калды: бостон, тейит, жоо кесек, дөөлөс, кыдырша, каңды...» -деп, баяндалат. Ичкиликтер уруулук тобунун этностук аталышы «борбор», «борбордук» маанисин түшүндүрөт. Мындай уруулук бирикмелерге бөлүнүү чыныгы аскердик жана чарбалык-экономикалык зарылчылыктардан улам келип чыккан. Маселен, орто кылымдардагы огуз-түркмөн урууларынын жайгашкан аймагынын борбордук бөлүгүн ээлеген «бозок» (борбор) уруулук бирикмеси «ички огуз» деп аталганын “Коркут Ата” эпосунда да айтылат.
Ичкиликтер аймактык жана уруу аралык биримдик. Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздардын жана аларга кийин кошулган топтордун союзу. Памир-Алай, Туркестан, Жиззак тоолору менен Чаткал тоо этектеринде, Курама тоолорунда дыйканчылык, малчылыкты айкалыштырып, кыргыздын түштүк диалектисинде сүйлөгөн чоң этнографиялык топ. Египетти башкарган мамлюктар(Султан Айбек, Султан Кутуз, Султан Бейбарс) ичкилик тобуна кирген кыргыздар сүйлөгөн тилди колдонушкан. Ичкиликтер тобу жалпы кыргыз элинин түзүүчүлөрүнүн бири. Кыргыздын байыркы урууларынан турган топ. Нууман Сайдуллаев (Нууман Саади) өзүнүн 2007-жылы басмадан чыккан «Кызыл» деген тарыхый романында Шамер бийдин кызыл–кыргыздын жыйырма бир уруусу (абат, аргын, нойгут, саруу, найман, тейит, төөлөс, чапкол, черик, мундуз, кыпчак, дуулат, бостон, каракесек, каңды, алтай, коңурат, катаган, эштек, саяк, жедигер) жөнүндө баяндайт. Автор байыркы Кызылдын 21 уулу же ичкиликтердин байыркы 21 уруусу тууралуу өз вариантын жазган.
Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери кыргыз элинин санжырасына болгон кызыгуу көбөйүп, ар бир кыргыз уруу-уруктарынын санжырасы кагазга түшүрүлө баштады. Башка кыргыз урууларындай эле Баткен аймагында жашаган кыргыз урууларынын да санжырасы такталып, бир топ китептер жазылып, жарык көрдү. Ар бир уруунун генеалогиялык паспорту – санжырасы бар. Санжыра муундан-муунга таберик катары оозеки турундө мурас болуп өтүп турат.
Бүгүнкү күндө ичкиликтер уруулук тобунун курамына төмөнкү уруулар кирет: найман, кесек, жоо кесек, тейит, кыпчак, бостон, каңды, төөлөс, чапкылдык, абат, кыдырша, оргу, нойгут. Ичкилик урууларынын уруктарга бөлүнүшү:
1. Абат: Токмок, Жой, Чолой, Уста, Ботон-Жаннат, Гүжөн, Аладаакы, Могол, Кыдырша.
2. Кесек: Сары үсөн, Бөлөксары, Мөжөй, Мала, Калдар, Бөксө, Чүчүк, Тагайберди, Эшкара, Кызылаяк, Чуулдак, Алтынчы, Кара Молдо.
3. Кыпчак: Торайгыр, Таз, Таймат, Кожомшүкүр, Омонок, Жартыбаш, Жаманак, Кармыш, Алтыке.
4. Тейит: Кызыл баш, Калча, Кара Тейит, Сары Тейит, Бай Тейит, Кочкор Тейит, Чапан Тейит, Арык Тейит, Чал Тейит.
5. Нойгут: Лакман, Чардагай, Чери, Акназар, Муңканай, Найманманаш. Кара Мокон, Бөжөй, Шага.
6. Найман: Бөө Найман, Жанбол, Байбол, Кудайменде, Кандыке, Туума, Кожо, үркүнчү, Бозторгой, Тентек, Кара Найман, Сарыбай, Боткочу, Көкө, Боз.
7. Бостон: Бозбала, Жазар, Ботманке, Баймат, Кара.
8. Чапкылдык: Жапар, Тайлакы, Салимбек, Бакыбек, Калтатай, Дидар, Асанали, Каландар, Имамшайык, Досмат(Карапорчо).
9. Каңды: Каракаңды, Каранай, Алашан, Чок аке, Орок Тамга, Үчөк Тамга, Уманкаңды, Түркмөн, Уйгубулга, Шаран, Сарыкаңды.
10. Төөлөс: Меркит, Мүркүт, Керейит, Шорон, Айтамга, Додон.
11. Кыдырша: Эрдене, Чаңдабас, Чынатан.
12. Жоокесек: Жанычек, Калдар, Телмон, Дөмөр, Төрчек, Шаа улут.
13. Оргу: Жамгыр, Мырза найман, Чапан, Гөөзан, Бөлтүрүк, Ит кулу. «Манас» эпосунда кыргыздар Анжиян, Алайдан Алтайга жер которуп, көчүп баргандыгы айтылат. Мал жандыктан айрылган кыргыздар Алтайда аштык айдап, дыйканчылык менен жан баккан. Эпостун баш каарманы Манас төрөлүп, эрезеге жеткенде элин кайра ата журту Алатоого баштап келет.
Ичкиликтер бул аймакты байыркы замандан бери байырлап келгендиги жөнүндө алардын санжырасында жана уламыштарында ошондой эле жазма булактарда, айрыкча Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-Таварихинде» айтылат. Баткен облусунун аймагындагы кыргыз урууларынын географиялык жайгашуусу Лейлек районунун аймагындагы уруулардын жайгашуусу: Лейлек районунун аймагын байырлаган кыргыздын уруулары: абат, кесек, чапкылдык, каңды, тейит жана найман.
1. Абат: Өзгөрүш, Катраң, Карасуу айылдарынын аймагында.
2. Кесек: Коргон, Тогузбулак, Айбике, Миң-Жыгач, Гордой, Айкөл, Голбо, Карабулак, Акбулак, Тайлан, Андарак, Көкташ, Каракамар, Замборуч, Карадаван, Чимген, Караташ, Чалдыбалды, Бешбала айылдарынын аймагында.
3. Чапкылдык: Булакбашы (мурдагы Сүлүктү), Төө-Моюн(жоюлуп кеткен), Оочу, Эски-Оочу, Карынчы, Лайлы, Шоро, Актам, Шакмур, Маргун, Овут(жоюлуп кеткен), Ак-Жар(жоюлуп кеткен), Аззаар(жоюлуп кеткен), Даргаз, Севистан(жоюлуп кеткен), Даркум айылдарынын аймагында.
4. Каңды: Баул айылынын аймагында.
5. Тейит: Булакбашы (мурдагы Сүлүктү) айылынын аймагында чапкылдыктар менен чогуу.
6. Найман: Мадыген(жоюлуп кеткен) айылынын аймагында.
Ал эми, 1955-1960-жылдары өздөштүрүлгөн Кулунду айылында абат, каңды, кесек(эшкара), найман, чапкылдык, Ленин(Раззаков) айылында: кесек(кызылаяк, чуулдак, мала), Коммунизм(Ак-Арык) айылында: чапкылдык, тейит, абат, Сада айылында: чапкылдык уруулары жашайт. 1960-1965-жылдары өздөштүрүлгөн Арка айылында басымдуу бөлүгү чапкылдык, кесек, абат жашашкан. 1980-жылдарда өздөштүрүлгөн Достук айылында: чапкылдык, кесек, абат, каңды ж.б., Жаштык айылында: чапкылдык, кесек, абат, тейит, ж.б. жашайт. Исфана шаарында абат, кесек, чапкылдык, каңды, тейит жана найман уруулары өзбөктөр менен аралаш турат. Сүлүктү шаарынын аймагында:
1. Кесек: Таңги-Башы, Мала, Кольцо айылдарынын аймагында.
2.Тейит: Кароол, Кольцо айылдарынын аймагында.
3.Чапкылдык: Кольцо айылынын аймагында, тейиттер менен чогуу.
Сүлүктү шаарынын өзүндө, Боконбаев жана Восточныйда абат, кесек, чапкылдык, каңды, тейит жана найман уруулары аралаш турат. Баткен району боюнча: Баткен районунда жашаган уруулар: абат, кыпчак, найман, нойгут, тейит, чапкылдык, каңды .
1. Абат: Самаркандек, Говсувар(Орто-Боз), Үч-Дөбө, Ак-Сай, Паскы- Арык, Ак-Татыр, Орто-Боз, Капчыгай, Көкташ, Кызыл-Бел, Жаңы-Бак айылдарынын аймагында.
2. Кыпчак: Ак-Турпак, Баткен, Кызыл-Жол, Бужум, Карабулак, Кара-Бак, Каратокой, Самаркандек, Достук айылдарынын аймагында.
3. Нойгут: Зардалы, Чарбак, Кара-Бак, Апкан, Бөжөй, Таян, Кыштут, Газ, Согмент, Сай, Кан, Кайыңды, Жаңырык айылдарынын аймагында.
4. Тейит:Кожешкен, Чоңгара айылдарынын аймагында.
5. Найман: Рават, Самаркандек, Кызыл-Бел, Кара-Токой, Сай айылдарынын аймагында.
6. Чапкылдык: Ширеш, Кара-Кыя, Каратокой айылдарынын аймагында.
7. Каңды: Чоң-Гара, Карабак, Чет-Кызыл, Дөбө айылдарынын аймагында. Кийинчерээк пайда болгон айыл-кыштактар: Кызыл-Бел(абат, чапкылдык), Карабак(кыпчак, нойгут), Чоң-Талаа(тейит), 1970-жылдары нойгуттар Дарадан Жаңы-Жер жана Чек айылдарына көчүрүлгөн.
Кадамжай району боюнча: Кадамжай районунда байыр алган негизги уруулар каңды, жоокесек, бостон, найман, тейит, төөлөс ж.б.
1. Каңды: Пүльгөн, Таш Дөбө,Чекелик, Ноогардан, Өрүкзар айылдарынын аймагында.
2. Жоокесек: Охна, Чечме, Сур, Таш Дөбө, Гүлдүрөмө, Абсамат, Арык бою, Алга, Кайтпас, Өтүкчү, Жогорку Ынтымак, Ноогардан айылдарынын аймагында.
3. Бостон: Охна, Айдаркен, Жал, Жаңы-Коргон, Жаңы-Сырт, Жаш-Тилек, Жошук, Кичи- Айдаркен, Кызыл-Коргон, Миң-Чынар, Моло, Ноогардан, Ормош, Өтүкчү, Сары-Камыш, Сырт, Таш-Тобо, Тескей, Чоң-Гара, Ынтымак, Эшме айылдарынын аймагында.
4. Тейит: Чавай, Айдаркен, Көкталаа, Кара Дөбө, Алыш, Майдан, Пум, Каражыгач, Кароол, Чоң-Гара, Калтак, Аустан, Тегирмен айылдарынын аймагында.
5. Найман: Тамаша, Учкун, Кызыл-Булак, Кара Дөбө, Айырбаз, Көкталаа, Майдан, Чавай айылдарынын аймагында.
6. Төөлөс: Алыш, Кароол, Пум, Көкталаа, Чавай, Каракыштак, Каражыгач, Марказ, Майдан айылдарынын аймагында.
Кызыл-Кыя шаары боюнча:
1. Оргу: Беш-Буркан, Каракозу, Караван айылдарынын аймагында.
2. Тейит: Каракозу, Жинжиген, Кулуштан айылдарынын аймагында.
3. Төөлөс: Караван, Каракозу айылдарынын аймагында.
Шаардын өзүндө оргу, тейит, төөлөс ж.б. уруулар аралаш.
Ичкиликтер тобуна кирген уруулардын өкүлдөрү учурда кошуна Афганистан, Тажикстан, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекистандын аймагындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгүн түзөт.
Адабияттар
1. «Лейлек тарыхы» Г.Мадаминов, С.Саттаров, М.Жороев, Ж.Каримов., 2004. 2. «Кызыл» тарыхый роман Нууман Саади., 2007. 3. «Абат тарыхы, санжырасы жана ичкилик кыргыздар» С.Саттаров., 2009. 4. «Кут конгон жергем - Баткеним» Т.Жумаев, А.Кадыров, П.Калилов., 2014. 5. «Баткен тарыхы» Кадыров Абдинаби., 2014. 6. «Кадамжайлык найман уруусунун санжырасы» Т.Исаков, Р. Абдуллаева., 2018. 7. «Тагдыр жолу» санжыра жана тарыхый даректүү публицистика А.Темиров., 2019. 8. «Ичкилик элинин тарыхы» К.Орозбаев., 2020. 9. «Чапкылдыктар» О.Ахмедов., 2023. 10. «Оргу уруусунун тарыхы» Ж.Жоробеков., 2024.