Батов Павел Иванович

Википедия дан

Батов Павел Иванович. (20. 5(1. 6). 1897-ж. т. ) - армиянын генералы (1955), эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1943; 1945).

1929-жылдан КПССтин мүчөсү. 1915-жылдан армияда, 1-дүйнөлүк, Жарандык согуштарга катышкан. "Выстрел" курсун (1927), Жогорку академиялык курсту (1950) бүтүргөн. 1936- 37-ж. Испаниядагы жарандык согушка, 1939-40-ж. советтик -Финляндия согушка катышкан. Батов Улуу Ата Мекендик согушта жана согуштан кийин аскердик жооптуу жетекчи кызматтарда, СССР Жогорку Советинин 1-2- жана 4-6-шайл. депутаты. "Одер операциясы" (1965) ж. б. эскерүүлөрдүн автору.

5 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 3 1-дараж. Суворов, 1-дараж. Кутузов, 1-дараж. Богдан Хмельницкий, "Ардак Белгиси" ордендери, чет өлкөлүк 3 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.