Батырбекова Рахима Темирбаевна

Википедия дан

Батырбекова Рахима Темирбаевна (15.3.1963-ж т., Жаңы-Базар айылы) - биология илимдеринин кандидаты (2007).

Ленинград айыл чарба институтун бүткөн (1984). 1989-жылдан “Передольский” совхозунда агроном, 1994-98-жылдары Ош мамлекеттик университетинин жалпы экология жана зоология кафедрасынын лаборатория башчысы, 1998-жылдан доценти, декандын илимий иштер боюнча орун басары. 20дан ашык илимий макаланын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6