Батырбеков Касымбек
Көрүнүш
Батырбеков Касымбек (19.4.1949-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.
- Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1973).
- 1973-74-жылдары “Чаткал” совхозунда техникалардын коопсуздук боюнча инженер,
- 1972-80-жылдары “Ак-Таш”, “Каныш-Кыя” совхоздорунда мастерской башчысы, башкы инженер,
- 1980-85-жылдары райондун «Кыргызайылчарбатехника» мамлекеттик өндүрүштүк бирикмесинин башкаруучусу,
- 1985-86-жылдары Чаткал райондун агро өнөр-жай бирикмесинин механизация жана электирлештирүү бөлүмүнүн башчысы, төраганын орун басары,
- 1986-87-жылдары Чаткал райкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы,
- 1987-90-жылдары “Чаткал” совхозунун директору,
- 1991-93-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунун картошка өндүрүү боюнча арендатору,
- 1993-96-жылдары райондун жер инспекциясынын директору,
- 1996-2002-жылдары райондук администрация башчысынын орун басары - агрардык департаментинин директору, жетектөөчү адиси болуп иштеген.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6