Батыш Борду мөңгүсү

Википедия дан

Батыш борду мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында. Үч-Көлдүн негизги курамы Сары чат суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 6,7 км, аянты 7,1 км2, көлөмү 1,52 км3. Абляция облусунун аянты 3,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5280 км, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Тескей Ала-Тоонун эң бийик чокусу Караколдун түштүк-батыш капталынан башталат. Жанаша жаткан үч цирктен куралат. Этеги морена менен капталган. Мөңгүдөн агып чыккан суу Сары чатка сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4