Батыш Сибирь мунай-газ аймагы
Батыш Сибирь мунай-газ аймагы ― Орусиядагы мунай менен газдын ири кендери жайгашкан зор аймак. Ал Батыш Сибирь түздүгүндө, негизинен Тюмень, Обь, Новосибирск, Томь облусунун аймактарында. Аянты 3,5 млн км2ге жетет. Мунай менен газ кендери юра жана бор мезгилдеринин кумдуу, алевролит тоотек катмарларында пайда болгон. Мында 40тан ашык продуктулуу горизонт табылган. Алардын калыңдыгы 1-45 м келип, 2-3 миң м тереңдикте жатат. Түштүгүндө палеозой тектери да кенге бай. Аймактагы кендер жогорку дебиттүүлүгү менен айырмаланат (мунайдыкы 200 о/сут, газдыкы 5 млн м3/суткага чейин). Мунайдын тыгыздыгы 880 кг/м3, курамында күкүрт аз (1,1%), бензин фракциясы көп (40-60%), парафин 0,5% ке чейин жетет. Газы жогорку сапаттуу, курамында метан 90-98% , оор углеводород 1-4% , азот 3-6%, көмүртектин кош оксиди 0,1-2% . Жылына 31,4 млн о нефть, 9,4 млрд м3 (1970) газ алынат. Негизги кендери: Самотлор, Усть-Балык, Правда, Мамонт, Батыш Сургут, Уренгой, Ямбург ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4