Батыш Чоң Чүй каналы

Википедия дан

Батыш Чоң Чүй каналы - Кыргызстандагы эң ири сугат тармагы. Чүй суусунан (Чыгыш Чоң Чүй каналынын суу алуучу курулмасынан 40 км төмөнүрөөк) башталып, Чүй өрөөнүн чыгышынан батышты карай кесип өтүп, аягы Казакстан аймагынан бүтөт. Узундугу 145 км; 82 миң га жерди сугарат. Суу чыгымы баш жагында 43 м2/сек, эң көп чыгымы 55 м3/сек. Канал 1940-ж. курула баштап, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1943) кол менен казылган. Каналдын калган бөлүгү 1958-ж. курулуп бүткөн, 1951-54-ж. каналга аралыктан башкарылуучу дамба курулган. Боюна 7 кичи ГЭС курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4