Батыш (география)

Википедия дан

Батыш — Таманынын бийикт. 2100—3000 ж. Сууса- мырга Караганда алда канча кууш, капталдары тик.

Чыгышты көздөй өрөөн өтө кууштап, Кара-Мойнок тоосу эки айрыкка — Караколдун төрүнө жана Батыш Сөөккө бөлөт.
Тем. бөлүгү түш.-батышка карай созулуп жатат.
Өрөөн аркылуу Батыш Каракол суусу куймалары: Туюк-Ала-Арча, Ашуу-Ала-Арча, Соку¬лук, Чаар-Таш (оң), Сеек, Муз-Тер, Шили-Суу (сол) ж. б.] агып, Суусамырга куят.

Климаты кескин континенттик. Кышы суук жана узак, январдын орт. темп-расы —20... —21°С, июлдуку 13—14°С.
Жылдык жаан-чачыны 350—500 мм. Өрөөндүн жана ' Жоо-Жүрөктүн жапыз бөлүктөрүнө бетеге-шыбактуу кургак талаа, 2200—2700 м бийиктикке бетеге тулаңдуу, түркүн чөптүү талаа, талаалуу шалбаа, Кыргыз Ала-Тоосунун нымдуураак (500 ммге чейин) жог.
капталдарына дан өсүмдүк-түркүн чөптүү субальп, бетеге, өлөн чөптүү, донуз сырттуу шалбаа ландшафттары мүнөздүү.
Тектирлерде кара бүргөн, шыбак, бетеге, буудайык ж. б. өсүмдүктөр өсөт.
Суу боюнда өлөн чөптүү шибер, токой кезигет. Суусамыр менен Б. К. ө. кошулган жерде мурда чытырман токой болгон.
Аёосуз кыркуунун натыйжасында токой суюлуп кеткен; азыр тал, кайын, ыргай, ит мурун, шилби, аса-муса, чычырканак ж. б. кезигет.