Бауман Николай Эрнестович

Википедия дан

Бауман Николай Эрнестович (17 (29). 5. 1873, Казан, -8 (31). 10. 1905, Москва) - адис революционер, большевиктер партиясынын ишмери.

Кол өнөрчү үй-бүлөдөн. 1895-ж. Казан вет. институтун бүтүргөн. 1896-97-ж. Петербург "Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзунун" активдүү мүчөсү. 1897-ж. камалып, 1899-ж. Вятка губерниясына айдалат, андан Швейцарияга качат. Ал "Искраны" уюштурууда (1900) В. И. Ленинге активдүү жардамчы жана "Искранын" жашырын агенти болгон. Партиянын 2-съездинин (1903) делегаты.

1903-ж. Москва парт, уюмун жана РСДРП БКнын Түндүк бюросун башкарат. 1904-жылдын июнунан 1905-жылдын октябрына чейин камакта. Түрмөдөн чыккандан кийин революциялык ишке активдүү катышат. 1905-ж. 18-октябрда демонстрация мезгилинде черносотёнчи тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлгөн. Аны көмүү 300 миң адам катышкан зор саясий демонстрациям айланган. Москвадагы район, көчө, аянт, жогорку техникалык окуу жайына Б-дын ысымы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.