Бахманар Абуль Гасан Марзубан

Википедия дан
Бахманар.

Бахманар Абуль Гасан Марзубан (туулган жылы белгисиз) – азербайджандын философу, Ибн-Синанын окуучусу. Аристотелдин жана неоплатонизмдин системаларын ислам догмасына пайдаланууга аракет жасаган. Ал өзүнүн «Метафизика» жана «Жаныбарлардын иерархиясы» трактаттарында болмуш жана таанып билүү проблемаларына көңүл бурат. «Билимге ээ болуу» жана «Кооздук» аттуу чыгармаларында «сулуулук жана бактылуулук» сыяктуу этикалык маселелерди карайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14020-8.