Иоганн Себастьян Бах

Википедия дан
Бах, Иоганн Себастьян‎»‎ барагынан багытталды)
Иоганн Себастьян Бах.

Бах, Иоганн Себастьян (21. 3. 1685, Эйзанах 28. 7. 1750, Лейпциг) немис композитору, органист, клавесинчи. Ордруфта (1665-1700), Люнебургда (1700-03) окуган. Тирүүсүндө органист катары атак алып, композиторлук жагынан анча таанылган эмес. Анын музыкасынын кадыры кийин гана билинди. Бах операдан башка жанрлардын баарында иштеп, 1000ден ашуун ар түрдүү музыкалык чыгармаларды жараткан. Орган, клавир, оркестр үчүн жазылган сюиталары, сонаталары, концерттери, фугалары бар. Белгилүү чыгармалары: «Матфейди эңсөө», «Си-минор мессасы», «Магнификат», «Рождество ораториясы», «Пасха ораториясы» ж. б. Диний мазмунда болсо да Бахтын музыкасына полифония менен гармониянын көркөм айкалышы, көркөм сүрөттөөнүн дааналыгы, философиялык тереңдик мүнөздүү. Лейпцигде 1950жылдан бери ар 4 жылда Бах атындагы эл аралык конкурс өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4