Клавесин

Википедия дан
Клавесин.

Клавесин (французча clavecin) — клавишалуу чертме музыкалык аспап. 16-кылымдан белгилүү. Ал псалтериумдан, кпавишалык механизмге бириктирүүдөн жана өркүндөтүүдөн жаралган. Клавесиндин үнү уккулуктуу болгону менен үзүлүңкү чыгат. Диапазону 4—5 октава. Клавесин адегенде төрт бурчтуу, 17-кылымдан темир кылдуу үч бурчтук формада, тышкы келбети көркөмдөлүп жасала баштаган. Клавесиндин түрлөрү бар, анын ичинде тигинен турган аспап клавицитериум деп аталат. Клавесин жеке, камералык-ансамблдик жана оркестрдик аспап катары пайдаланылган. Француз Клавесин мектебинин негиздөөчүсү Италиялык чебер уста В. Тразутининин кутудагы клавесини. 1576. Өздүк коллекция (Венеция). Ж. Шамбоньер болгон. 17—18-кылымдагы белгилүү клавесинчилер: Ф. Куперен, Ж. Рамо, Л. Дакен ж. б. Италиялык композитор Д. Скарлатти (1685—1757) клавесинде чебер ойноо стилин түзгөн. Клавесин англичандарга арпсихорд, немистерге кильфлюгель, италиялыктарга клави-чембало (кыскача чембало) деген аттар менен тараган. 18-кылымдын аягында француз музыкасына кызыгуу төмөндөп, 20-кылымдын аягында кайра жарала баштаган. Азыр байыркы музыканы аткаруу үчүн курамында клавесин бар ансамблдер түзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]