Мазмунга өтүү

Музыкалык аспаптар

Википедия дан
Музыкалык аспаптар.

Музыкалык - адамдын катышуусу менен белгилүү ыргактагы жана туруктуу бийиктиктеги добуштарды чыгаруучу элдик аспаптар. Ар бир музыкалык аспаптын өзүнө таандык добуштук тембри (боёгу), динамикалык чеги, белгилүү диапазону болот. Музыкалык аспаптардын добушу аспаптарды жасоодо колдонулган материалдын сапатына, аспаптын формасына, үн чыгаруу ыкмаларына (мисалы, пиццикато, флажолет) жараша болот. Муз. Аспаптар элдик жана профессионалдык болуп бөлүнөт. Элдик муз. аспап бир элге (улутка), кээде этностук, тарыхый, маданий байланышы бар элдерге таандык болот.

Мисалы: бандура Украинада, пандури жана чонгури Грузияда гана болсо, гусли, сопель, жалейка, волынка орустарда, украиндерде, белорустарда да бар; саз, тар, зурна Азербайжан, Ариенияда болсо, Өзбекистан менен Тажикстандын көп аспаптары окшош. Россияда байыртан элдик музыкалык аспаптар ансамблдери (гуслярлар, гудошниктер, домбрачылар) болгон. 19- кылымдын аягында В. В. Андреев, С. И. Налимов, Ф. С. Пассербский, Н. П. Фомин кээ бир орус муз. аспаптарды (балалайка, гусли жана башка) өркүндөтүп, анын негизинде эл аспаптар оркестирлери түзүлгөн. Мурдагы Союздук республикаларда да байыртан келе жаткан улуттук муз. аспаптар бар.

Банджо.

Профессионалдык музыкалык аспаптарга симфония (опералык), үйлөмө жана эстрада оркестринин аспаптары кирет. Профессионалдык аспаптар элдик музыкалык аспаптардан келип чыккан. Музыкалык аспаптардын өнүгүшү адамзат коомунун, анын маданиятынын, музыкасынын, аткаруу өнөрүнүн өркүндөшүнө байланыштуу. Ошол себептүү кээ бир музыкалык аспаптар өзүнүн алгачкы түрүн өзгөртпөй биздин заманга жетсе, көпчүлүгү өзгөрүп, кээ бири акырындап жоюлуп, ордуна жаӊы асапап пайда болду. Добуш чыгаруу өзгөчөлүктөрүнө карай муыкалык аспаптар үйлөмө (флейта, кларнет, гобой, труба, валторна, сурнай, керней, чоор жана башка), кылдуу чертме (арфа, гитара, балалайка, дутар, домбра, комуз), урма (барабан, литавра, ксилофон, дойра) жана башка болуп бир нече топко бөлүнөт.

Азыркы кезде электр музыкалык аспаптар кеӊири жайылган (электр- гитара, электр- балалайка, электр- комуз). Эзелтен бери муундан муунга өтүп келе жаткан кыргыз комузу да совет доорунда өркүндөп, жаӊыланып, ошонун негизинде кыргыздын тунгуч эл аспаптар оркестрин П. Шубин, комузчулар ансамблин А. Огомбаев түзгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Виноградов В.С. «Киргизская народная музыка», Фрунзе 1958;
  • Вертков К.,Благодатов Г., Язовицкая Э., «Атлас музыкальных инструментов народов СССР», Л., 1964 (лит.);
  • Алагушов Б., «Кыргыздын музыкалык аспаптары», Фрунзе 1975-ж.