Керней
Керней — музыкалык үйлөмө аспап. Орто Азия жана Иранда аскердин кабар берүүчү музыкалык аспабы катары колдонулган. "Манас" эпосунда К. көбүнчө сурнай менен бирдикте аткарылып, жоокерлерди, элди чогултуу үчүн тартылган: «Керней, сурнай тарттырып жарчыга кабар айттырып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 60). Ошондой эле К. ар түрдүү окуяларда, башкы каармандардын жеңиштеринде, салтанаттарында жана башкалар учурларда тартылган. Мисалы, Манас баатыр Акунбешимди жеңгенде:
Ордого керней коюлуп,
Дүйнө жүзү союлуп.
Желек туудан бөлүнбөй
Жердин жүзү көрүнбөй (Сагымбай Орозбаков, 2. 180),— деп баяндалат.
К. башка музыкалык аспапсыз жеке да тартылган. Аскерлерди чогултуучу-кабардоочу аспап катарында пайдаланылган.
Манас баатырдын туш-тушка кеткен аскерин жыюуда: «Баңдулунун түбүндө Жети жүз керней бапылдап Аскерин жыйып азырлап» (Сагымбай Орозбаков, 2. 127) — делип сүрөттөлөт. Манас Алооке канды багындырганда:
Бакка пааша киргенде,
Баркыраган кернейден
Алты жүзү тартылып,
Кернейдин үнү бапылдап
Сурнайдын үнү такылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 184), жеңишти даңазалайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4