Гитара

Википедия дан
Гитара.

Гитара (испанча guitarra – кифара) – кылдуу чертме музыкалык аспап. Гитаранын негизги бөлүктөрү: алмурут сымал алды-үстү капкакталган чара, үстүңкү капкагына добуш жаңыртуучу тешик, беренелүү моюн, моюндун башында кыл толгоочу бир нече кулак жайгаштырылган. Адегенде ичеги кыл тагышкан, кийин металл жана нейлон кыл тагып калышкан. Гитара жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 14–15-кылымдардагы булактарда кездешет. Испанияда 4 жуп кылдуусу пайда болгон. 17-кылымда испан гитарасы деген ат менен Америкага тараган. 18-кылымдан бир жуп кылы алынып, 6 кылдуу гитара кеңири тарайт. 7 кылдуусу орус гитарасы деген ат менен 18-кылымдын 2-жарымынан тарта белгилүү. Гитаранын тизеге коюп электр (медиатор) менен ойноочу гавайя түрү (20-кылым), оркестр жана жаз гитарасы бар. Өркүндөтүлгөн электр гитаралары азыр кеңири колдонулат. Гитара Кыргызстанда да тараган. Кыргыз гитарачысы Д. Назарматов элдик бир нече обон-күүнү гитарага ылайыкташтырып иштеп чыккан, «Гитара күүлөрү», «Гитарада ойноо» аттуу китептерди жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]