Ксилофон

Википедия дан
Ксилофон.

Ксилофон (ксило... жана ...фон) – музыкалык урма аспап. Ал Европада 19-кылымдан белгилүү. Ансамблдерде, опералык жана симфониялык оркестрлерде, жеке да ойнолот. Ксилофон төрт катар тик жайгашкан, иреттүү күүгө келтирилген түрдүү узундуктагы жыгач кесиндилеринен турат. Жыгач балкачалар менен урулуп ойнолот. Ал ар түрдүү көлөмдө болот. Ксилофондун маримба жана тубафон ж. б. түрлөрү бар. Көп элдерде, айрыкча Африкада, Түштүк–Чыгыш Азияда, Латын Америкасында тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]