Бачино
Көрүнүш
Бачино – тарыхый топоним, Балыкчы шаарынын мурунку кыштак кезиндеги аты. Кыштак катары 19-кылымдын 70-жылдарынан бери белгилүү.
Мында (Кызыл токой деген жерде) 1871-ж. бир гана түтүн балыкчы орус жашаган. 1884-ж. Кызыл токойго М. И. Бачин көчүп келип, там салып, Ысык-Көлдөн балык кармаган. Кийин бул жер Бачино атыгып кеткен. 20-кылымдын башында Бачино кичинекей кыштак болуп кала берген, анда он чакты гана жапыз там үй, бир нече боз үй турган.
1909-ж. Балыкчы аталган. 1915-жылдын аягында Балыкчыда 24 короодо 137 киши жашаган, анын 20 түтүнү балык кармап күн көргөн. Ошондуктан жергиликтүү эл кыштакты Балыкчы деп атаган, к. Балыкчы шаары макаласын.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|