Башат (роман)

Википедия дан

"Башат" (англ. The Fountainhead) - 1943-жылы жарыкка чыккан Айн Рэнддин ийгиликке жеткен алгачкы романы. Романда, көпчүлүккө таанылуу жана ийгилик үчүн өзүнүн көркөм жана жеке көз карашынан баш тарткысы келбеген жаш архитектор Говард Рорктун окуясы баяндалат. Романдагы окуя Рорктун жалпы кабыл алынган тартипке баш ийбөөсү менен башталат. Рорк, Рэнддин идеалдуу адамдын образын жандандырат, жазуучу өзү жашоодо индивидуализмдин үстөмүк кылганына ишенет.

Рорк баш ийген жардамчы кызматкерлерге окшобойт, анын негизги баалулуктарына көз карандысыздык жана өз алдынчалык кирет. Архитектурада заманбап стилдерди өз ишинде колдонуп ийгиликке жеткен Рорктун мурунку группалашы Питер Китинг андан дизайн боюнча жардам сурайт. Эллсворт Тухи өзүнүн саясий жана коомдук программаларына өбөлгө түзүш үчүн өзүнүн таасирин колдонгон архитектура сынчысы Рорктун карьерасынын бузулушун каалайт. Гезит бастырып чыгаруучу Гейл Винанд алгач Рорк менен дос болуп, бирок коомчулуктун көз карашы өзгөрүлгөндөн кийин, Рорк менен достук байланышын бузат. Романдын эң талкуулануучу каарман Рорктун сүйгөнү Доминик Франкон болот. Жалпы кабыл алган эрежелерге каршы болгон Доминик, Роркко жардам берет бирок ошол эле заматта ага тоскоол болууга аракет кылат. Көптөгөн феминист сынчылар романды зордуктоо сахналарды камтыганына катуу айыпташат.

12 басмакана кол жазманы кабыл албагандан кийин Bobbs-Merrill Company өзүнүн ишин тобокелге салып романды басып чыгарууга макулдук берет. Заманбап баяндамачылардын көз караштары биржаксыз болгон. Бирилери романда баяндалган индивидуализмди колдосо, башкалары чыгарманын узун болгонун жана оң каармандардын саны аз болгондугун белгилешет. Баштапкы сатуулар ийгиликсиз болуп, роман бара-бара көп сатылган китепке айланды. Дүйнө жүзү боюнча романдын 6.5 миллиондук китеби сатылды. Ал 20дан ашык тилдерге которулган. Рэнддин жаңы тарапкерлери пайда болуп, архитектура жана эркиндик доктринасынын тарапкерлери жазуучунун таасирине кабылды.

Роман бир канча кез башка медиаларга адаптацияланды. 1945-жылы романдын иллюстрацияланган адаптациясы гезиттерге бириктирилип чыккан. 1949-жылы Warner Bros. роман боюнча тасма тартты. Анын сценарийинин автору Рэнд өзү болуп, Рорктун ролун Гэри Купер аткарган. Тасманын кассалардан топтолгон кирешеси чыгашасын актаган жок. Бир канча режиссер тасманы кайрадан тартууну чечишти бирок анын адаптацияланышы жасалган жок. 2014-жылы бельгиялык театрдын жетекчиси романдын сахналык адаптациясы коюп жакшы баага бааланды.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]