Башкаруунун маалыматтар системасы

Википедия дан

Башкаруунун маалыматтар системасы - (Management Information System, MIS) машина системасына кирип, мекемени башкарууга зарыл так жана учурдагы маалыматтарды өндүрөт. Көп учурда башкаруунун маалымат системасы келишимдерди иштетүү системалары менен бириктирилет. Мисалы, коммерциялык заказды иштетүү үчүн келишимди иштетүүчү системасы, соода тууралуу берилиштерди жазат, кардарлардын эсеп-кысабынан балансты өзгөртөт жана инвентардан алып салат. Башкаруунун маалыматтар системасында отчёттор түзүлөт, алар буюмдардын тез же жай сатылып жаткандыгын ж. б. көрсөтөт. Башкаруунун маалыматтар системасынын атайын тиби болуп аткаруучу информация системасы (EIS Executive Information System) эсептелет. Бул системалар жогорку башкаруунун маалыматтык талаптарына багытталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4