Башкаруунун маалымат системи

Википедия дан

Башкаруунун маалымат системи ( Management Information System (MIS )–Информационнык системы управления). Менеджерлер компьютерлерди ар күндүк келишимдерди иштетүүдөн башка башкаруу үчүн маанилүү маалыматтарды өндүрүүдө колдонууга боло турганын түшүнүштү. Башкаруунун маалымат системдери машинелик системдерге кирип, мекемени башкарууга зарыл болгон так жана учурдагы маалыматтарды өндүрөт. Көп учурда башкаруунун маалымат системдери келишимдерди иштетүү системдери менен бириктирилген болот. Мисалы, коммерстик заказды иштетүү үчүн, келишимди иштетүүчү системи соода тууралу берилиштерди жазат, кардаалдардын эсеп-кысабынан балансты өзгөртөт жана инвентардан алып салат. Байланышкан башкаруунун маалыматтар системинде отчеттор түзүлөт, алар буюмдардын тез же жай сатылып жаткандыгын ж б. көрсөтөт. Башкаруунун маалыматтар системинин атайын тиби болуп, аткаруучу маалымат системи (EIS-Executive Information System) эсептелет. Бул системдер жогорку башкаруунун маалыматтык талаптарына багытталат. Кеңири компанияларды башкаруунун маалыматтар системдери маалыматтык муктаждыктарды, башкаруунун баардык деңгелдерине багыттайт. Алгач EIS компьютерлер менен тааныш болбогон жогорку менежерлерге багытталган жана контактка ыңгайлуу болсун үчүн, экранды колдонгон. Айрым алдыңкы системдер теле көрсөткүчтү башкарууга окшогон аралыктан башкаруучу түзүлүштү колдонушкан.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]