Башкаруунун стратегиясы

Википедия дан

Башкаруунун стратегиясы - базар экономикасынын шартындагы, анын жалпы конъюнктурасынын туруксуз болуп турган учурундагы Башкаруунун стратегиясынын ишкананын өндүрүш-чарбалык иш-аракетинин турукташына жана андан ары карай ийгиликтүү өнүгүшүнө жардам берүү ыкмаларынын бири.

Ишкананын кирешесинин туруктуулугу башкаруу ишинин сапатына дагы байланыштуу. Базар мамилесинин нугунда жеткиликтүү ойлонулуп иштелген стратегиянын зарылчылыгы төмөндөгүдөй бир катар себептер менен аныкталат: экономикадагы, инфляциядагы, атаандаштыктагы түзүмдүк өзгөрүүлөр, экономика тармактарына мамлекеттик деңгээлде таасир этүү, фирмада жаңылануунун масштабынын өсүшү, продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүгө капиталдык Чыгымдар ж.б. Бул көрүнүштөр социалдык-экономикалык шарттардын кыйла өзгөрүшүнө алып келип, тобокелдикке салуу даражасы жогорулайт, акырындап ишкананын (фирманын) болгон иш-аракеттеринин келечегине түздөн-түз олуттуу таасирин тийгизет. Мына ушунун өзү өнүгүүнүн келечегин мүмкүн болушунча тагыраак божомолдоо зарылчылыгын аныктайт.

Өзгөрүлүп жаткан шартты иликтөө жана келечектеги өнүгүүнүн башкы багытын тандоо базар шарттарындагы башкаруунун эң маанилүү маселеси болуп эсептелет. Ишкананын Башкаруунун стратегиясы өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарын жана кирешелүүлүктүн жогорулашынын факторлорун базардагы мүмкүн болуучу өзгөчөлүктөрдү эске алып аныктоого толук мүмкүнчүлүк түзөт. Башкаруунун стратегиясы ишкананын өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү маселери чагылдырылып, ошону менен бирге аларды ишке ашырууга зарыл болгон каражаттар жана ресурстар айкын көрсөтүлөт. Демек, ишкананын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жана тышкы шарттарын талдоонун негизинде өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, жаңы продукцияга, технологияга өтүүдөгү чараларды, Башкаруунун стратегиясы, чарбалык саясат жалпысынан кандай болоорун ойлонуу талап кылынат. Башкаруунун стратегиялык милдеттери катары ишкананы базардык жагдайынын өзгөрүшүнө даярдоо, терс факторлордун таасирине туруштук берүү саналат. Бирок, стратегия догма болбошу керек, аны болочок өзгөрүүлөргө ийкемдүүлүк ыкмасы катары үзүрлүү пайдалануу керек.

Башкаруунун стратегиясы иштеп чыгуу жана аны ишке жигердүү ашыруу бир катар темөндөгүдөй иштиктүү маселелерден турат:

  • - тышкы чөйрөнүн базар алкагынын өнүгүү келечегинин негизги багыттарын баамдоо, ошондой эле илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин, жалпы экономикалык жагдайды, атаандаштыкты ж.б. баалай билүү;
  • - тышкы чөйрөнүн өнүгүүсүндөгү жагымдуу жана терс багыттарды тагыраак билип аныктоо;
  • - ишкананын (фирманын) потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана келечектүү багыттарын бышыктоо;
  • - ишкананын өнүгүшүнүн узак мөөнөтүү маселелерин иштеп чыгуу;
  • - иш-аракеттин жана аны жүзөгө ашыруунун программасын даярдоо;
  • - жагдайды ар тараптуу байкоо жана алдыга коюлган маселелердин айрымдарын өзгөртүү үчүн кайрадан такталган байланышты камсыз кылуу.

Жалпылай алып караганда Башкаруунун стратегиясы тышкы жана ички шарттарды үзгүлтүксүз анализдөө, алардын өзгөрүүсүнө, тийгизген таасирине көзөмөлдүк кылуу дегендерди билдирет. Ишкананын ички абалын баамдап, анын мыкты жана чабал жактарын билип, багыттарын аныктап, болгон мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдалануу терс жагдайдан, болочоктогу келип чыгуучу опурталдуулуктан арылуунун жолдорун жеткиликтүү баалоо үчүн өтө зарыл болот. Башкаруунун стратегиясы ишкананын чарбалык бүт тутумунда сапаттуу чегерүүлөргө негиз түзөт. Эгерде узак убакыттын ичинде калыптанып калган ыкмалар менен чечиле турган болсо, жөнөкөй эле маселелер тигил же бул ишкана үчүн кыйла оор болушу мүмкүн. Анткени базар экономикасына толук өтүү жогорку адистикти, ишкердикти, жаңылануу рухун, башкарууга толук ыңгайлашкан мамилелерди талап кылат. Ошондуктан, ээлик кылуучулук маселесинде жалаң эле экономикалык же технологиялык нуктан карабастан, ошондой эле тарых, маданият, рухий байлык, психологиялык жактарын дагы толук эске алуу зарыл. Башкаруунун стратегиясы - жөн эле болочоктук сценарий эмес, эн алды менен азыркы учурдун келечеги. Тагыраак айтканда, ал ишке ашыруунун аныкталган ыкмаларын билип, аларды конкреттүү формаларга айландырат. Башкаруунун стратегиясы ишкананын кирешелүүлүгүн жогорулатууга үлүш кошуучу бардык факторлорду чегерүү үчүн уюштурулган.

Тигил же бул ишкананын кирешелүүлүгүн жогорулатууга таасир тийгизүүчү факторлорго төмөндөгүлөрдү кошууга болот:

  • - маркетингдик изилдөөнү бышыктоо жана олуттуу, керектүү жактарын ишке киргизүү;
  • - продукциянын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана анын сапатын жогорулатуу;
  • - илимий-изилдөө иштерин, тажрыйбалык конструктордук мыкты табылгаларды өнүктүрүү;
  • - ишкананын башкаруу тутумун өркүндөтүү;
  • - кадр саясатына өзгөчө көңүл бөлүү;
  • - ишкананын финансылык-экономикалык саясатын бышыктоону үзбөй улантуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн багыттарды башкаруунун стратегиялык маселелерин жүзөгө ашырууну иштеп чыгууда толук эсепке алуу зарыл. Базар шарттарында ишкана кирешенин туруктуу өсүшүн менеджмент, маркетинг нугунан изилдеп билүүнү билгичтикте колдонбосо ийгиликтин болушу мүмкүн эмес. Менеджменттеги эн негизги маселе бул ишкананын бардык чарбалык иш-аракеттеринин базар койгон талапка ийгиликтүү жетишүү үчүн максаттуу багыт алуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8