Башкаруу социологиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Башкаруу социологиясы - социология билимдин уюмдарда жана коомдо орун алган социалдык түзүлүштөргө жана процесстерге максаттуу таасир тийгизе турган мыйзамченемдүүлүктөрдү, формаларды жана ыкмаларды изилдеген өзгөчө тармагы. Башкаруу социологиясына Ф. Тейлордун илимий менеджменти; Э. Мэйонун адамдардын мамилелеш теориясы; Ч. Барнарддын социалдык системалары; Ч. Перроунун социалдык ж. б. кризистик кырдаалдарды башкаруу д. у. с. концепциялар кирет. Башкаруу социологиясы башкаруунун бири-бири менен тыгыз байланышкан беш компонентин ар тараптуу изилдөөдөн турат: а) башкаруу мекемелеринин ишмердүүлүгүн, мамлекеттин, коомдун социалдык система катары иштөөсүнүн бардык комплексин: кадрларды тандоону, даярдоону, кайра даярдоону, башкаруу ишин аткаруусун, аппараттын кызматчыларынын ортосундагы мамилелердин түзүлүшүн, кызыкчылыктарынын калыптаныш өзгөчөлүгүн, бир нерсеге артыкчылык берүүсүн жана багытын изилдөө; б) максат коюуну (социалдык божомолдоо, долбоорлоштуруу, жөнгө салуу) жана максатка жетишүүнү камтуу менен башкарылуучу аппаратка башкаруунун таасири; в) социалдык жактан өзүн өзү уюштуруу, топтордун ички себептеринин натыйжасында пайда болгон процесстерди (коомдук пикир, салт, үрп-адат, социалдык нормалар, лидерчилик, ж. б.), ар бир адамдын же топтун жүрүм-турумун, баалуулук багыттоочулуктарын, бири бирине болгон мамилелерин жөнгө салуу; г) башкарылуучу системанын бүтүндүгүн же анын сапаттык параметрлерин сактоосун же жогорулатуусун, туруктуу өнүгүшүн, өз милдетин аткаруунун натыйжалуулугун көтөрүүнүн, чөйрөнүн (табияттык, социалдык) өзгөрүшүнө ыңгайлашуусун камсыз кылуу; д) ички абалы менен сырткы таасирлердин (мисалы, фирма чыгарган товарлардын сапаты менен санына, рынок шартында алардын баасына кирген түзөтүүлөрдүн) натыйжасында өзгөрүлүп кеткен башкарылуучу системанын ишин оперативдүү тейлөөгө мүмкүнчүлүк берген талдоо жана көзөмөл. Башкаруу социологиясына коомдун башка подсистемасынын (заводдун, өндүрүш тармагынын ж. б.) социалдык критерийлерине, кызыкчылыгына, умтулушуна, үмүтүнө карата кабыл алынган чечимдер, алардын социалдык натыйжаларын изилдөө, башкарылуучу подсистемалардын ишин өнүктүрүү максатында аткаруучулардын мамилелери кирет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4