Башкаруу (лингвистика)

Википедия дан

Башкаруу (лингвистика) - сүйлөмдөгү сөздөрдүн башкаруу жолу боюнча байланышы Кыргыз тилинде абдан кеңири колдонулат.

Ал багындыруучу компоненттин багыныңкы компонентти жөндөмөлөр жана жандоочтор боюнча тескеп турушу катары аныкталат: тоого баруу, ат менен келүү ж.б.у.с.

Сөздөрдүн Башкаруу байланышын тейлөөчү каражаттар, болуп, барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрүнүн мүчөлөрү жана жандоочтор саналат.

Жөндөмөлөр категориясы - зат атоочко тиешелүү категория, демек, Башкаруу байланышынын принциби боюнча сүйлөм тутумунда башкарылып турган сөз (багынычтуу түгөй) зат атооч, же стилдик максатка ылайыктуу зат ордунда колдонулган сөздөрдөн (субстантивдешкен сөздөр) болууга тийиш.

Сүйлөм тутумунда багынычтуу түгөйдүн тигил же бул кыйыр жөндөмөлөрдүн биринде туруп, байланышуусу багындыруучу түгөйдүн лексика-семантикалык маанилеринен келип чыгат. Башкарган сөз ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр менен туш келди эле айкаша бербейт. Сөздөрдүн лексика - семантикалык маанилерине жараша ар бир конкреттүү сүйлөмдө белгилүү гана жөндөмөдөгү сөздөрдү башкара алат. Тилдеги бул көрүнүш сөздөрдүн айкашуусунун нормалдашуусунун тиешелүү чеги бар экендигин билдирет.

Ошентип, биринчиден, Башкаруу байланышынын негизги каражаттары жогоруда көрсөтүлгөн жөндөмө мүчөлөрү болсо, экинчиден башкарган сөздөрдүн категориялык касиети да олуттуу мааниге ээ экендиги байкалат. Башкарган сөздөрдүн категориялык касиетине ылайык Кыргыз тилинде атооч сөздөр менен этиш сөздөрдүн Башкаруу жөндөмдүүлүгү бирдей эмес. Атооч сөздөргө караганда этиш сөздөрдүн башкаруу жөндөмдүүлүгү өтө жогору. Ошондуктан этиштик Башкаруу жана атоочтук Башкаруу болуп экиге бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4