Башка жердик

Википедия дан
Башка жердик.

"Башка жердик" (англ. Outlander) (Бириккен Падышалыкта "Кайчылаш сайма" деген аталыш менен басылган) –– Диана Габалдондун көп жанрдык тарыхый романдар сериясынын биринчи китеби. 1991-жылы басылып чыккан китеп Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы медайым Клэр Рандалл тууралуу баяндайт. Ал 18-кылымдагы Шотландияга саякаттап, келишкен Жэйми Фрезер менен укмуштуу убакыт өткөрүп, романтикалык окуяларга чөмүлөт. Бир нече жанрлардын аралашмасы менен жазылган "Башка жердик" цикли тарыхый фантастика, романтика, укмуштуу окуя жана илимий фантастика элементтерин камтыйт. "Башка жердик" 1991-жылы Американын романтикалык чыгарма жаратуучуларынын РИТА сыйлыгынын "Эң мыкты романтика" наамын утуп алган. "Башка жердик" киносериалга ылайыкташтырылып, АКШнын Starz телеканалында 2014-жылдын 9-августунда бет ачары болуп өткөн.

Кабыл алынышы жана сыйлыктары

Publishers Weekly журналы "Башка жердик" тууралуу "Өзүнө сиңирип алган жана жүрөк жылыткан бул биринчи роман Шотландия жерин жана ал тууралуу маалыматты кеңири козгоп, чыныгы каармандар жана кооз жана жагымдуу баатыр аял менен жандантат" деп жазган. Роман 1991-жылы Американын романтикалык чыгарма жаратуучуларынын РИТА сыйлыгынын "Эң мыкты романтика" наамын утуп алган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]