Башкы-терек совхозу

Википедия дан

Башкы-терек совхозу - Чаткал районундагы ири чарбалардын бири.

1978-жылы Чаткал МЖСинин базасында уюштурулган (Коргон-Сай айылы кошулуп).

Кой чарбасын жана тоют базасын күчөтүү максатында уюштурулган. Совхоздун чарбасын көтөрүүдө чабандар: Өскөн Айдаралиев (“Ардак белгиси” орденинин ээси), Андашов Акмат, Кулиев Былжыбай, Абасов Канибек, Таштанбаев Замир, Азамкулов Нарин, Чамданбаев Адилбек, инженер Наркулов Жумабай, бригадирлер Ашыралиев Абдыкапар, Манасов Сман, Жаманкулов Шайман, трактористтер Абдырахманов Галыбай ж.б.кошкон салымы чоң.

Совхозду жетектегендер: Максымбеков Саматкул (1978-80), А. Мамытбеков (1980-87), Оморов Абдыкайым (1987-90), Сулайманов Жаныш (1990-91). 1991-жылдын 15-ноябрынан өлкөдө башталган айыл-чарбасын реформалоого байланыштуу мал-мүлкү таркатылып, жеке чарбалар түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6